Новости района

Урматтуу кыргыз элим!!!

Сиздерди Биринчи май райондук администрациясынын жалпы жамаатынын жана өзүмдүн атыман  чын дилимден улуу майрам – Нооруз майрамыңыздар менен куттуктаймын.
 
Жер жарылып чөп чыгып, жел жарылып сүт чыгып, табият ойгонгон мезгилде, жылуу желдин деми жан дүйнөнү жылытып, баардык тирүү жандыкты козгогон жана жагымдуу маанай жараткан, элибиздин улуу тарыхы менен бирге кылым карыткан Нооруз майрамы эмеспи.
 
«Нооруз» майрамын мусулмандар -  күн менен түн теңелгендигин мезгилдин эсеби, жаңы жылдын башталышы катары кабыл алып кылымдар бою майрамдап келишкен.
 
 Жаратылыш гүлгө оронуп, дыйкандар жер айдап, үрөн сээп жатканда, ушул жыл бизге береке, тынч заман алып келсин деген үмүт менен Нооруз майрамын тосуп жатабыз.
 
Эң негизгиси ата-бабаларыбыздан мурас калган эң кооз, касиеттүү жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун, «жакшы тилек жарым ырыс»- дегендей, ар бирибиздин дилибиздеги мамлекетибиздин өркүндөшүн кооздогон жана алдыга сүргөн ойлорубуз, үмүттөрүбүз ишке ашып, жүзүбүздө жылмаюу жана кубануу, ал эми балдарыбызда ишеничтүү келечек күтүп турсун!
 
Нооруз бизге бейпил, берекелүү заман тартуулап, жаңы дем берсин! Жаз күнүндөй жаркын маанай, ынтымак, ырыскы, бакты-таалай дайыма сиздер менен бирге болсун! Майрамыңыздар куттуу болсун!