Новости района

Биринчи май районунда «Жаштар» сейил багында тазалоо иштери жүргүзүлдү!

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы маалымдайт: 2013 ж. 12.03. «Жаштар» паркында тазалоо боюнча ишембилик өткөрүлдү.

 

Паркты тазалоого 60 медресинин окуучулары, парктын жумушчулары, ошондой эле №14чү МАБнын адистери, жалпы 75 киши иштешти. 5 гектар аянтында былтыркы жалбырактарды тырмап, жыйнап, бир жерге топтошту.

 

Аткарылган жумуш парктын 5 гектарын тазалап, аны ГАЗ-53 машинага жүктөп чыгарылды. Калган таштандыларды парктын жумушчулары машинага жүктөп, чыгарышат.