ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрациясы “Боорсок” күнүн өткөрүштү

 

2013-жылдын 11-мартында Октябрь райондук администрация “Восток” ЖЧК жана Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия “Иштерман жылына” карата кыргыздын улуттук тамагынын эң улугу – нанга арналган “Боорсок” күнүн өткөрүштү.
 
Майрамга Октябрь районунда жайгашкан ишкана, мекемелеринде эмгектенген жумушчу, кызматкер, мугалимдер катышып, боорсоктун ондогон түрүн тартуулап, кыргыздын улуттук салттары жөнүндө баяндап беришти. Жыйынтыгында эң даамдуу боорсок бышырган №9 “Алмаз” бала бакчасынын  тобу шаардык сынакка сунушталды.