ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Эл аралык Эне тил майрамы белгиленди

  

Октябрь райондук администрациясы 2013-жылдын 26-февралында  эл аралык Эне тил күнүнө арналган салтанатты №20мектеп-гимназияда өткөрдү. Майрамга Кыргызстан элинин Ассамблеясынын, мэриянын өкүлдөрү жана администрациянын жетекчилиги чакырылган.
 
Райондук кызматтар ,аймак башкармалыктары ар улуттун тарыхынан баян айтып, улуттук кийимдер, ыр-күүлөр жана бийлерди көрүүчүлөргө тартуулашты. Салтанат күйөрмандардын кызуу колдоосу менен өттү. Кыргызстан элинин Ассамблеясынын, мэриянын өкүлдөрү жана администрациянын жетекчилиги тарабынан катышуучуларга белектер тапшырылып жылуу тилектер айтылды.