ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

КР Мамлекеттик тил мыйзамын аткаруу боюнча аракеттер

 

Үстүбүздөгү жылдын  үчтүн  айынын 18-де Октябрь райондук администрациянын бөлүмдөрү арасында  муниципалдык кызматты мамлекеттик тилде аткаруу  боюнча “Кыргызча сүйлөйлү” аттуу  чакан сынак өткөрүлдү.
 
Сынакка ар бир бөлүм өзүнүн курама тобунун аталышын, ураанын жактап, мамлекеттик тилди өнүктүрүү тууралуу долбоорун сунуштап
жана иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү иштери менен катышты.
 
Мындан сырткары, “Өнөрлүү кызматкер” аталмасы боюнча ар бир бөлүмдөрдүн чыгармачыл, шыктуу кызматкерлери кесиптештерине  көркөм окуу, ыр, жаңылмач, табышмак, макал-лакап айтып өз өнөрүн көрсөтүштү.
 
Сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орун эсеп-кысап бөлүмүнө, 2-орун турак-жай, курулуш чарбасы жана МАБ өнүктүрүү бөлүмүнө, 3-орун уюштуруу бөлүмүнө ыйгарылды. Ошондой эле сынакка жигердүү, чыгармачылык менен катышкан бөлүмгө жана кызматкерге “Алкыш барагы” тапшырылды.
 
Сынактын жүрүшүнө баа берген калыстар тобун мэрияга караштуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлү жана администрациянын жетекчилиги түздү.