ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун саясий партияларга кайрылуусу

Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябры жергиликтүү кеңештерге, ал эми бишкектиктер үчүн шаардык кеңешке шайлоолор күнү. Баш калаабыздын мэриясы сиздердин ар бириңиздер таза жана ачык добуш беришиңиздер үчүн бардык шарттарды түзүүгө өз мүмкүнчүлүктөрүн жумшайт. Сиздер үчүн негизги максат шайлоолордо жеңип чыгуу эмес, а шайлоочулардын мыйзамдуу укуктарын пайдалануу менен өз тандоосун ишке ашыруусу. Биз, мына ушул укуктарды коргоого жана аларды бузууга жол бербөөгө даярбыз.

 
         Элибиз өз келечегин жана татыктуу бийликти тандап алуу мезгили келип жетти. Аларды курулай убадаларга жана мүнөттүк пайда көрүүгө алмаштырып же сатып жиберүүгө болбойт.
         Өз добуштарыңыздарды бүгүнкү күндүн реалдуу иштери, шаарыбыздын өнүгүүсү, коомубуздун жаңыланышы үчүн бериңиздер! Эртеңки келечекти өз акылыңыздар, чын ниетиңиздер менен тандап алыңыздар!
 
         Шайлоолор күнү тарипти жана мыйзамдуулуктуу сактоо укук коргоо органдарына милдеттендирилди.
 
         Шайлоолорду таза, мыйзамдуу өткөрүү үчүн шаар мэриясы аймактык шайлоо комиссияларына бардык жардамдарды көрсөтүүдө жана депутаттыкка таларкерлерди да ошого чакырат. Элибиздин алдында таза бололу!
 
         Ошондуктан, шаардык кеңешке шайлоолорго катышып жаткан бардык саясий партиялардын өкүлдөрүнө, байкоочулар тобун түзүү үчүн өз партияларыңыздардын мүчөлөрүн жибериңиздер деп кайрылам.