ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча” тажрыйбалык окуулар өткөрүлдү.

 

Теориялык бөлүктө катышуучуларга “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы жана  иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча теориялык маалыматтар, иш кагаздарынын үлгүлөрү, ошондой эле “Кыргызтест” системасы жана кыргыз алфавити бар компьютер клавиатурасы жөнүндө маалыматтар берилди.
Усулдук жардам катары ар бир кызматкерге “Мамлекеттик жана расмий тилдерде иш кагаздарын жана иш каттарын жүргүзүү” аттуу усулдук колдонмо бөлүмдүн мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө каралган каражатынын эсебинен таркатылды.
Окуунун тажрыйбалык бөлүгүндө ар бир кызматкер иш кагаздар боюнча жеке тапшырма аткарды жана берилген тексттерди мамлекеттик тилге которду.
Топтор менен иштөөдө кызматкерлер өз мекемесинде иш кагаздарын мамлекеттик тилде натыйжалуу жүргүзүү боюнча долбоорлорду түзүшүп, мындан ары иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бура тургандыктарын жана тажрыйбалык окууларды өткөрүп берген Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө ыраазычылыктарын билдиришти.