Новости района

Биринчи май районунун №83-орто мектебинде бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу кечеси болуп өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын башчысы А. Алиев 2012- жылдын 23- июнунда № 83- орто мектепте 58 бүтүрүүчүгө аттестаттарды тапшыруу аземине катышты.
 
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө администрация башчысы бүтүрүүчүлөргө, «татыктуу билим, талбаган эмгек, кең келечек жана телегейлеринин тегиз болушун каалады. Ак жол силерге, сапарыңар арыбасын!»,- деген тилектерин айтты.
 
Маалымат катары:  Биринчи май району боюнча бүгүнкү күндө жалпысынан 9-классты 2391 окуучу, ал эми 11-классты 1387 бүтүрүүчү аяктады. Бишкек шаары боюнча 74 бүтүрүүчү артыкчылык аттестаты жана медаль менен аяктаса, анын ичинен 31 окуучу Биринчи май районунан бүтүрүүчүлөрү.                                                                                                          

 

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында республика боюнча 50 окуучу алтын сертификаттарга ээ болгон болсо, алардын ичинен Биринчи май району боюнча 19 бүтүрүүчү алтын сертификаттарга ээ болушту.