Новости района

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү менен биргеликте, райондун аймагына тиешелүү 40ка жакын жеке менчик субьектер текшерилди

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө максатында Бишкек шаарынын мэриясынынын Жарнак департаментинин
«Тазалык» муниципалдык ишканасы, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү менен биргеликте 2012-жылдын 15-июнда райондун аймагына тиешелүү 40ка жакын жеке менчик субьектер текшерилди. Текшерүү убагында Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын 7-баптын «Мамлекеттик тилде аталыштарда, ысымдарда жана маалыматтарда пайдалануу» талабына жооп бербеген, мыйзам бузуулар боюнча акты түзүлүп, 28 жарнамалык тактачалар, көрнөктөр алынып салынды.
 
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамын мындан ары көзөмөлдөө райондук администрациянын шаардык кызматтар менен биргеликте жүргүзө бермекчи.