ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыргыз Республикасынын тогуз коргоол боюнча 21 чемпионатынын жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын тогуз коргоол боюнча 21 чемпионатына өлкөбүздүн жети облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын жана ошондой эле Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча балдар-уландардын адистештирилген спорттук мектебинин (СУТЭОБУАСМ) командасы катышты. Мелдеш жеке жана командалар эсепте кыз-келиндер жана эркектер арасында өттү. Командалардын  курамы 4 эркек жана 4кыз-келин. Чемпионат швейцариялык система боюнча өттү, жалпысынан 9 тур ойнолду.
Командалык  эсепте биринчи орунга кыз-келиндер жана эркетер арасында Бишкек шаарынын кыздары жана жигиттери ээ болушту. Экинчи орунга кыздар арасында Ыссык-Көл облусунун командасы, ал эми эркектер арасында СУТЭОБУАСМнин окуучулары ээ болушту. Үчүнчү орунду кыз-келиндер арасында Талас облусунун кыздары, эркектер арасында Ыссык-Көл облусунун командасы  ээледи.
 
 Жеке эсепте:
 
Эркектер арасында биринчи төрт орунду Бишкек курама командасынын жигитери ээледи:
I        орун – Жамакеев Анарбек;
II       орун – Кудайбергенов Мирлан;
III      орун – Бактыбек уулу Саламат;
IV       орун – Сазаев Кубан.
 
Кыз-келиндер арасында:
I        орун – Сарыкеева Гулжамал (Ыссык-Көл обл.);
II       орун – Керимбекова Аида (Талас обл);
III      орун – Тойчубекова Майрамкуль (Ыссык-Көл обл.).