Новости района

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май районунда “Манас баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” бир айлыгы өтүп жатат

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы №18 “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын “Манас” баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” аттуу мөөнөтү 2012-жылдын 9-апрелинен 30 –апрелине чейин бир айлык Биринчи май районунун аймагындагы бардык жалпы билим берүү мекемелерине жарыяланган.
 
Биринчи май райондук билим берүү борбору тарабынан ар бир мектепке ырааттама бекитилип, конференциялар, семинарлар, тегерек столдор, тарбиялык сааттар, белгилүү манасчылар же манас таануучулар менен жолугушуулар, адабий кечелер уюштурулуп жатат.
 
Аталган айлыктын алкагында 2012-жылдын 23-апрелинде Биринчи май районунун №54 орто мектеби тарабынан “Манас-кыргыз элинин улуу мурасы»  аттуу семинар уюштурулду. Аталган иш-чарада жогорку класстын окуучуларынын аткаруусунда Манас” эпосунан үзүндү айтылып, (С. Каралаевдин варианты боюнча) «Манас баатырдын кырк чоросу менен Бээжинге азаттыкка аттанышы» бөлүгүнөн сахналаштыруу көрсөтүлдү.
 

Бул “Манас” баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” аттуу айлык айдын аягына чейин улантылып жыйынтыкталмакчы.