Новости района
Бишкек шаарынын мэриясынын биринчи май райондук администрациясы байгелүү орунга ээ болду
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын аткаруу максатында, Бишкек шаардык кенештин 2012-жылдын 25-январындагы №3 буйругунун негизинде Бишкек шаарынын мекеме, ишкана, уюмдарынын иш кагаздарды жана сырткы, ички көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча «Мамлекеттик тил аракетте» кароо-сынагы 2012-жылдын 16-апрелинде Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында салтанаттуу жыйынтыкталды.
Бул иш-чаранын жыйынтыгында, Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы байгелүү 1-орунга ээ болуп, райондун башчысы Алиев Аскербек Тукешович «Айкөл Манас», «Кыргызча-орусча сөздүк» 2 томдуу китептер жана Бишкек шаардык кеңештин «Ардак грамотасы» менен сыйланды.
.jpg)
.jpg)
Мэр столицы
Курс валют НБКР
01.06.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Все курсы |