ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Новости района

Бишкек шаарынын мэриясынын биринчи май райондук администрациясы байгелүү орунга ээ болду

 

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын аткаруу максатында,  Бишкек шаардык кенештин 2012-жылдын 25-январындагы №3 буйругунун негизинде Бишкек шаарынын мекеме, ишкана, уюмдарынын иш кагаздарды жана сырткы, ички көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча «Мамлекеттик тил аракетте» кароо-сынагы 2012-жылдын 16-апрелинде Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында салтанаттуу жыйынтыкталды.

Бул иш-чаранын жыйынтыгында, Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы байгелүү 1-орунга ээ болуп, райондун башчысы Алиев Аскербек Тукешович «Айкөл Манас», «Кыргызча-орусча сөздүк» 2 томдуу китептер жана Бишкек шаардык кеңештин «Ардак грамотасы» менен сыйланды.