Новости района
“Манас баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” бир айлыгы өтүп жатат
.jpg)
Биринчи май райондук билим берүү борбору тарабынан ар бир мектепке ырааттама бекитилип, конференциялар, семинарлар, тегерек столдор, тарбиялык сааттар, белгилүү манасчылар же манас таануучулар менен жолугушуулар, адабий кечелер уюштурулуп жатат.
Аталган айлыктын алкагында 2012-жылдын 16-апрелинде Биринчи май районунун №48 орто мектеби тарабынан “Манас”-төгүлбөс, үзүлбөс, түбөлүктүү агым” аттуу окуучулар арасында таймаш-сабак уюштурулду. Аталган иш-чарага “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, окуучулар тарабынан уюштурулган “Семетейдин бала чагы” темасында сахналаштыруу көрсөтүлдү.
Аталган иш-чарага райондун бардык мектептериндеги кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты. Бул “Манас” баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” аттуу айлык айдын аягына чейин улантылып жыйынтыкталмакчы.
Мэр столицы
Курс валют НБКР
29.11.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Все курсы |