Новости района
Бишкек шаарынын Биринчи май районунда “Манас баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” бир айлыгы өтүп жатат
.jpg)
Биринчи май райондук билим берүү борбору тарабынан ар бир мектепке ырааттама бекитилип, конференциялар, семинарлар, тегерек столдор, тарбиялык сааттар, белгилүү манасчылар же манас таануучулар менен жолугушуулар, адабий кечелер уюштурулуп жатат.
Аталган айлыктын алкагында 2012-жылдын 12-апрелинде Биринчи май районунун №15,№19 орто мектебтери тарабынан “Манасчылык-табигый кубулуш” аттуу адабий кечелер уюштурулду. Аталган иш-чарага “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, манас айтуунун чеберчилиги жана өнөрдүн сыры тууралуу окуучулар арасында кызыктуу талкуу өттү.
Аталган иш-чарага райондун бардык мектептериндеги кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты. Бул “Манас” баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” аттуу айлык айдын аягына чейин улантылып жыйынтыкталмакчы.
.jpg)
.jpg)
Мэр столицы
Курс валют НБКР
20.03.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Все курсы |