ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Чыгыш университетинин эмгек жамааты «Тазалык ыймандан» деген демилге менен шаарды тазалоого чыкты

Жаз жарыш,күз-күрөш дегендей,жаздын келиши менен жер-жерлерди  тазалоо иштери  башталган.Ушул жылдын  март айында, өкмөттүн  айлана-чөйрөнү  тазалоо боюнча  үч айлык токтому кабыл алынган.Бул саамалыкты  шаарыбыздагы  жогорку окуу жайдын бири Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетиндеги «Мажлистин»  төрагасы Бектур Абдыкадыр уулу «Тазалык ыймандан»,-деген  демилгени көтөрүп чыккан. Бул ишти  университеттин студенттери алгачкылардан болуп колдошкон. Студенттик кеңеш  шаардык Мэрияга элдер эс алуучу жерлердин бөлүп берүүсүн  кат аркылуу суранышкан.Бул университет Аламедин-1 кичи районунда жайгашкандыктан, Жасмин кафесинен, 38- автобустун акыркы аялдамасына чейинки аралыкты тазалоо иши каралган.Мамлекет тарабынан кабыл алынган  иш чаранын алкагында  демилге көтөрүлүп чыгып, Чыгыш университетинин студенттери да четте калбастан,жапа тырмак киришип колдоп жатышат.Бул мамлекеттик чечимдин негизинде эле эмес, жыл сайын эле университеттин  студенттери  мындай демилге менен өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келишет.Башка ЖОЖдогу университеттерге бул үлгү болоорлук көрүнүш.
 
«Эгерде бардык университеттин студенттери өздөрү  окуган аймактагы жерлерди таза жана ирээтке келтирип турса өздөрү  үчүн да, сырттан караган адамдар үчүн да көз жоосун ала турган көрүнүш болоор эле» - деди Бишкек шаардык Мэриясынын №19 – Муниципиалдык Аймактык Башкармалыгынын  башчысы К.Бектурганов.
 
    - Негизинен, мындай ишембиликтер аптанын ишемби күнү, студенттер бош болгон учурда өткөрүлчү эле,эмнеге быйыл өзгөртүлүп жатат?
     -«Мажлистин»  төрагасы Бектур Абдыкадыр уулу:  « Анткени,быйыл ишемби күн тарыхый оор күнгө туш келип калгандыктан,бул күндү 5-апрелге жылдырууга туура келди.Бирок иш күнү болгондугуна карабастан студенттер активдүү катышып жатышат.Учурдан пайдаланып Окуу жайдын жетекчилигине,Бишкек шаардык Мэриясына жана катышып жаткан студенттерге «Мажлистин» атынан ыраазычылык  билдирип кетмекчимин».
 
    - Бул ишембиликтин өтүүсү  боюнча сиздин ой-пикириңиз  кандай?
    - «Мажлистин» Тышкы байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Такырбашев Эрмек : «Өз учурунда И.Раззаков: «Сен таза болсоң,мен таза болсом – коом да таза болот»,- деген эмеспи ошол  сыңары бизда коом үчүн иштеп жатабыз,катышуучулардын маанайы жакшы, ал тургай,аба-ырайы дагы чайыттай ачылып,жагымдуу атмосферада жигердүү иштеп жатабыз».