Новости района

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда “Манас баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” бир айлыгы жарыяланды.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы №18 “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын “Манас” баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” аттуу мөөнөтү 2012-жылдын 9-апрелинен 30 –апрелине чейин бир айлыгы Биринчи май районунун аймагындагы бардык жалпы билим берүү мекемелерине жарыяланган.
 Биринчи май райондук билим берүү борбору тарабынан  ар бир мектепке ырааттама бекитилип, конференциялар, семинарлар, тегерек столдор, тарбиялык сааттар, белгилүү манасчылар же манас таануучулар менен жолугушуулар, адабий кечелер уюштурулуп жатат.
Аталган айлыктын алкагында 2012-жылдын 11-апрелинде Биринчи май районунун №18 орто мектеби тарабынан “Манасчылык-табигый кубулуш” аттуу адабий кече уюштурулду. Аталган иш-чарага кыргыз элинин белгилүү манасчылары Ырысбай Ишаков жана Дөөлөтбек Сыдыкбековдор катышып, “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, манас айтуунун чеберчилиги жана өнөрдүн сыры тууралуу окуучулар арасында кызыктуу талкуу өттү.
Аталган иш-чарага райондун бардык мектептериндеги кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты. Бул “Манас” баяны-ыйык көркөм сөз өнөрү” аттуу айлык айдын аягына чейин улантылып жыйынтыкталмакчы.