ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жаңы сейил бак ачылды

Дэн Сяопин проспектиси менен Садыгалиев көчөсүнүн кесилиши эми шаардыктардын сүйүктүү эс алуучу жайына айланат.

"Бишкек жашыл чарба муниципалдык" ишканасынын кызматкерлери эки ай бою 1890 чарчы метр аянтты  иретке келтирүү менен алектеништи. Алгач пландоо иштери жүргүзүлүп, андан соң жердин үстүндөгү топурак алынып, ордуна кара топурак төшөлдү.

Даяр болгон жерге "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери 13 ири өлчөмдөгү, 20 ийне жалбырактуу көчөт, 24  пузыреплодник жана вейгел бадалдарын отургузушту. Ошондой эле кызматкерлер сейил бакты ар кандай түстөгү 5500 бир жылдык гүлдөрдү кооздоп чыгышты.

Көчөттөрдү жана гүлдөрдү тамчылатып сугаруу үчүн 700 метрлик сугат  системасы курулду.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан сейил бакка тосмолор, отургучтар, таштанды күркөлөрү, видео байкоочу аппараттар жана балдар ойноочу аянтча орнотулду.

Эскерте кетсек, бул жер мурда курулуш материалдары сатылган жана башаламан унаалар токтогон жай  болчу.