ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Садырбаев кѳчѳсүнүн бир бѳлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 16-июндан тартып Садырбаев кѳчѳсүнүн Семетей кѳчѳсүнѳн Масалиев кѳчѳсүнѳ чейинки жогорку бѳлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.

Оңдоо иштери "Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, жол катмары алмаштырылып, жээк таштары орнотулат. Реконструкция иштери ушул жылдын 30-октябрында бүткѳрүлѳт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан ыңгайсыздык келтиргендиги үчүн кечирим сурайт жана алдын ала жол тандап алууларын ѳтүнѳт.