ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы мыйзамсыз орнтулган жарнама тактасын алды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан калаанын кѳчѳлѳрүнѳ мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкцияларын алуу иштерин жүргүзүүдѳ.

Башкармалыктын  кызматкерлери  тарабынан Байтик Баатыр кѳчѳсү жана Ахунбаев кѳчѳсүнүн кесилишиндеги тиешелүү уруксат документтери жок, мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкциясы алынды.

Калаанын тышкы кѳрүнүшүн жакшыртуу максатында Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте аталган жарнама конструкциясын алуу иштерин жүргүзүштү.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары алынарын эскертет.