ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясы райондук сынактардын жеңүүчүлѳрүн сыйлады

№29 мектеп –гимназиясында Биринчи май районунун райондук сынактардын жана олимпиаданын жеңүүчүлѳрүн сыйлоо аземи ѳткѳрүлдү.

Иш-чарага район башчысы Токтосун Султанов катышып, кыргыз, орус, англис тилдери, химия, биология жана башка предметтери боюнча райондук олимпиаданын жеңүүчүлѳрүн, ошондой эле, райондун жалпы билим берүү уюмдары арасында ѳткѳрүлгѳн «Жол кыймылынын жаш инспектору -2018» кароо-сынагынын жеңүүчүлѳрүн  сыйлады.

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Токтосун Султанов жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна жана мугалимдерине ѳсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодогу жана билим берүүдѳгү эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.

Жеңүүчүлѳр грамоталар, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» жана «Тоолор кулаганда» китептери менен сыйланышты.