ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте шахмат боюнча мелдештин жеңүүчүлѳрү сыйланышты

Свердлов райондук администрациясынын билдирүүсү боюнча, шахмат боюнча мелдеш ѳткѳрүлдү.

Мелдеш А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында жана Т.Сатылганов атындагы гүл бакчанын аянтында бир ай бою ар бейшемби күндѳрү ѳткѳрүлгѳн.

Жума сайын ѳткѳрүлгѳн мелдештерге 150 адам катышты.

Аталган мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду - Калынур Абдыманапов, экинчи орунду - Курманбек уулу Доорон, үчүнчү орунду - Жусупбеков Нуртегин алды.

«Жаш шахматчы» номинациясы Айнура Исаева, «Жигердүү оюнчу» номинациясы Санжар Саринжиев, ошондой эле «Таланттуу шахматчы»номинациясы Наргиза Маматисакова сыйланды.

Бардык катышуучулар баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.