ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу согуштун жана тылдын ардагерлери!

Урматтуу шаар тургундары жана коноктор!

Сиздерди Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан Улуу Жеӊиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!


Согуштун катаал  жылдарында каардуу кыйынчылыктарды башынан кечирген, тынчтык жана бакубат келечек үчүн жанын аябаган баатыр жоокерлерге,   каруусун казык  кылып,  мээнет төккөн тыл эмгекчилерине, ата-апаларыбызга   терең ыраазычылык, сый урматыбызды билдиребиз.


Күчтүү  эрктин, бекем кайраттын, мекенди коргоонун, эл журтту  сүйүүнүн символу болгон биздин кадырман согуш ардагерлеринин аттары тарых барагында  түбөлүккө  өчпөс болуп жазылды.


Сиздерге   бекем ден соолук,  күч –кубат,  бактылуу карылык, дөөлөттүү өмүр каалаймын.


Жеңиш майрамы кут болсун!


Урматтоо менен,

Бишкек шаарынын мэри А.Ибраимов