ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу бишкектиктер!

Сиздерди Бишкек шаарынын 140 жылдык маараке күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Баарыбыз үчүн өзгөчө шаар болуп саналган Бишкегибиз өлкөбүздүн борбору, жан дүйнөсү жана жүрөгү. Биз үчүн баардыгыбызды жүрөгүнө батырган, өнүгүп өсүүгө демилге берген, терең ишенимге жана асыл максаттарга кубаттаган, жаркын келечекке үндөгөн, сүйүктүү шаарыбыз боло берет.

Бүгүнкү күндөгү жигердүү жүрүп жаткан иш-чаралар Бишкек шаарынын келечекте өнүгүп өсүүсүнө негиз болуп берсин деп жапа тырмак аракет кылуудабыз. Борборубуздагы жигердүү иш-чараларга, ийгиликтүү жыйынтыктарга шаардыктардын салмактуу салымы, орчундуу эмгеги бар.

Бир миллиондон ашык калкы бар Бишкекте жашаган урматтуу ардагерлерибиздин, билимдүү жана аракетчил жаштарыбыздын, мээнеткеч ага-эжелердин өбөлгө демилгелерин, чоң салымын өзгөчө белгилеп кетишибиз керек.

140 жылдык мааракесине келген шаарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө ар тармактуу өндүрүштө жана калкка кызмат көрсөтүү багыттарында иштеген, шаарыбызды көрктөндүргөн, жаштарды билимге сугарган, келечек ээлерин татыктуу тарбиялаган мээнеткеч шаардыктардын эмгегине чон ыраазычылык билдирип, ыракматыбызды айтабыз.

Кыргыз Республикасынын борбору - эртең жана келечекте заманбап технологиялардын бүт мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланган, өнүккөн, кооз, жашыл, уникалдуу, ыңгайлуу, коопсуз жайлардан болуп, шаар тургундарына тийиштүү шарттар түзүлгөн, жаштарыбыздын сүйүктүү борбору болушу үчүн билимибизди, аракет күчүбүздү, демилге кубатыбызды жумшайбыз.

Туулган күнүң менен сүйүктүү борборубуз Бишкек шаары!

Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэри А.Ибраимов