ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы кыргыз тилин үйрөтүү боюнча окуу курстарды өткөрүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн расмий тилдүү кызматчылары үчүн  “Кыргыз тили” А1 баштоочу жана А1 улантуучу деңгээлдери боюнча акысыз окуу курстары өтүлүп жатат.

Окуу курстары Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу жана “Кыргызтест” боюнча тестирлөөгө даярдык көрүү максатында өткөрүлүп жатат.