ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Жусуп Мамайдын улуу мурастары”аталышта иш-чара уюштурулду

Бишкек шаардык Борборлоштурулган китепкана тармагында “Жусуп Мамайдын улуу мурастары”аталышта иш-чара уюштурулуп, ага И.Арабаев атындагы университетинин Манас таануу институтунун директору, профессор Топчубек Тургуналиев, №70 мектеп гимназиянын 11-классынын окуучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жусуп Мамайдын өмүр баяны, чыгармачылыгын чагылдырылган слайд көрсөтүлүп, Т.Тургуналиев окуучуларга Ж.Мамайдын вариантындагы Манас тууралуу, анын 8 бөлүктөн турган 18 китеби боюнча кеңири маалымат берди.

Ошондой эле, ушул эле окуу жайдын студенттери Ж.Мамайдын вариантындагы Манас айтышып, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. Иш-чарада  8томдугу боюнча китеп көргөзмө уюштурулуп, баяндама өткөрүлдү.

Аталган иш-чаранын максаты жаштарды китеп окууга үндөө, Жусуп Мамай жөнүндө маалыматтарды кеӊири жайылтуу болуп эсептелинет.