Оӊдоо иштерине байланыштуу Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат
- Подробности
- Опубликовано 22.02.2018 15:53
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 24-февралдан тартып оӊдоо иштерине байланыштуу Осмонкул көчөсүнүн ЧЧКнан «Шоро» ЖАКна чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Аталган бөлүктө жолдорду оӊдоо, борбордук канализацияны куруу жана турак үйлөргө киргизүү боюнча иштер 2018-жылдын 31-ноябрына чейин жүргүзүлмөкчү.
Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздыктарды келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |