Свердлов райондук администрациясы согуш ардагерлерин Ата-Мекенди коргоо күнү менен куттуктады
- Подробности
- Опубликовано 22.02.2018 15:28
Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков согуштун ардагерин Ата-Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.
Район башчысы согуштун ардагерлери Т.Садыровду, Р.Ф.Сычевди жана Дж.Ф.Ялышевдердин үйлөрүнө барып куттуктоо менен аларга азык- түлүк баштыкчаларын жана гүл тапшырды.
Мындан тышкары, 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата согуштун ардагерлерине 2000 сомдон жана азык-түлүк баштыкчалары таратылат.
Бардык акчалай төлөмдөр байланыш түйүндөрү аркылуу жүргүзүлөт.
Маалымат: Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында 48 адам катталган, анын ичинен:
Улуу Ата Мекендик согуштун - 7 майыбы;
Улуу Ата Мекендик согуштун - 30 катышуучусу;
фашисттик концлагердин - 4 туткуну;
Ленинград курчоосунда болгон - 6 адам;
Улуу Ата Мекендик согушта каза
болгон жоокердин үй бүлөсү катары - 1 адам каттоодо турушат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
31.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |