ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Тил – достуктун ачкычы” аттуу изилдөө долбоорунун кароо-сынагы өткөрүлдү

Бишкек шаарынын Свердлов районунун №4 мектеп-гимназиясынын базасында 21-февраль – Эл аралык Эне – тил күнүнө карата окуучулардын “Тил – достуктун ачкычы” аттуу изилдөө долбоорунун шаардык кароо-сынагы өткөрүлдү.

Кароо-сынактын максаты борборубузда жашаган улуттардын ынтымагын арттыруу жана ар улуттун эне-тилин даңазалоо, ар улуттун тарыхын, адабиятын,маданиятын, улуулугун чагылдыруу, улуттардын биримдигине чакыруу болуп саналат.

Шаардык кароо-сынакка калаанынтөрт районунун 1,2- орунду алган жеңүүчүлөрү катышышты.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү, райондук Билим берүү борборлорунун мамлекеттик тил боюнча адистери катышышты.

Сынактын жүрүшүндө төмөнкү мектептер жеӊишке ээ болушту:

1-орунду кытай улуту менен № 31 мектеп-гимназиясы;

2-орунду англичан улуту менен № 17 мектеп-гимназиясы;

3-орунду немец улуту менен № 23 мектеп-гимназиясы.

Жеӊүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.