ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Тазалык” МИнин кызматкерлери эки суткадан бери борбордун көчөлөрүн кардан жана муздан тазалоодо

“Тазалык” МИнин кызматкерлери эки суткадан бери борбордун көчөлөрүн жана жанжолдорун, аялдамаларын кардан жана муздан тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.

Тазалоо иштерине 19 бирдик кар тазалоочу техника МАЗ, 2 ЗИЛ, жанжолдорду тазалоо үчүн 4 универсалдуу машина, щеткасы менен 5 Беларусь трактору, 2 фронталдык жүктөөчү, 13 самосвал ГАЗ 53 тартылды.

15 жана 16-февраль күндөрү бардыгы 453 тонна кум, 80 тонна техникалык туз калаанын көчөлөрүнө себилди.

Таңкы саат 6 дан баштап 574 коомдук аймактарды тазалоочулар жанжолдорду, аялдама комплекстеринин жээк бөлүктөрүн жана жолдун четтерин кардан тазалап жатышат..

Ишкананын кызматкерлери жумуштарынын майнаптуулугу үчүн муз талкалагыч жана кар ыргыткычтарды колдонушат. Ошондой эле жол эксплуатациялоо бөлүмүнүн 40 жумушчусу жөө жүргүнчүлөр өтүү үчүн орнотулган жол белгилериндеги муздардан тазалоодо.

Бул багытта жумуштар улантылууда. “Тазалык” МИнин кызматкерлеринин жумуштарын онлайн режиминде Telegram https://t.me/mptazalyk расмий каналынан  көрсөңүздөр болот. Ошондой эле жашоочулар бардык зарыл болгон маалыматты  Facebook: @mptazalyk Муниципальное предприятие “Тазалык” расмий баракчасынан алсаңыздар болот.