ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кичинекей шаар тургундары үчүн «Баарыбыз лыжага -2018» спорттук иш-чарасы өткөрүлдү

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы «Кленовый лист» гольф-клубунда «Баарыбыз лыжага -2018» спорттук иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарага үй-интернаттарынын жана калаанын төрт районунун балдарды калыбына келтирүү борборлорунун тарбиялануучулары  катышты.

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова спорттук иш-чараны ачып, балдарга бекем ден соолук, окууларына ийгиликтерди жана ойлогон ой-максаттарына жетүүлөрүн каалады.

Спорттук иш-чаранын жүрүшүндө инструкторлор балдарга лыжа тебүүнү  үйрөтүштү. Ошондой эле, балдар үчүн спорттук эстафеталар, оюн-зоок конкурстары уюштурулуп, жеӊүүчүлөргө белектер тапшырылды.  Мындан тышкары, катышуучулар үчүн ысык түшкү тамак уюштурулду

Аталган спорттук иш-чаранын башкы максаты балдарды кышкы спорттук оюндарга тартуу жана сергек жашоо образына үндөө болуп саналат.