ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Материалы

Бишкекте 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча мэриянын коллегиясы өткөрүлдү

Биринчи май райондук администрациясында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун, КРнын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Алмаз Кененбаевдин жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун катышуусунда Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2017-жылдагы жыйынтыктары боюнча жыйын өткөрүлдү.

Ошондой эле жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэрлери жана муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

2017-жылдагы аткарылган иштер боюнча Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макеновдун  жана райондук администрациялардын башчыларынын  докладдары угулуп, өздөрүнүн докладдарында экономика, транспорт жана инфраструктура маселелерине кайрылышты.

Коллегияга берилген отчётто 2017-жылы Бишкек шаарында экономиканын оӊ өсүү темпи камсыздалганы белгиленди. 15 өнөр жай тармагынан физикалык көлөмдүн индекси 12 тармакта камсыздалган.

 

2017-жылдын жыйынтыгы