ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте убактылуу жылынуу пунктарына 753 адам кайрылды

2018-жылдын 29-январь саат 01:00го карата маалыматтар боюнча, муктаж болгондорду кабыл алуу үчүн уюштурулган убактылуу пункттарга 753 адам кайрылган.

Убактылуу пункттар бардык керектүү – жылыткычтар, ысык чай менен камсыздалды.

Октябрь районунда 5 чатыр орнотулуп, ага 140 адам кайрылган. Токомбаев көчөсүндөгү көрктөндүрүү боюнча комбинатынын айланасындагы баш калкалоо жайында 49 адам жайгаштырылды. Алар үчүн ысык тамак жана түнөөчу жай уюштурулду. «Золотой Дракон» мейманканасына 15 адамдан турган 5 үй-бүлө, мындан тышкары, №3 кичирайонундагы өрттүн кесепетинен жабыркаган №25 үйүнүн 20 тургуну жайгаштырылды. Ошондой эле, жылынуу үчүн муктаж болгон шаардыктарды Түштүк Магистраль көчөсүндөгү «Барашек» рестораны жана «Тунгуч» кичи районундагы «Таксим» кафеси кабыл алууда.

Ленин районунда дагы 5 чатыр орнотулуп, 59 адам кайрылган. №95 ОТК жылынуу пунктуна 27-28-январь күндөрү 4 адам кайрылган. Трудовая көчөсү №10 дарегиндеги «Боорукерлик» борборуна 30 адам, анын ичинен 13 бала жайгаштырылды.

Биринчи май районуна 5 чатыр орнотулуп, ага 450 адам кайрылган. «Коломто» муниципалдык мекемесине 133 адам жайгаштырылды. Балтагулов көчөсү №1 дарегинде жайгашкан социалдык жатаканага түнөө үчүн 2 адам кайрылып, алар ысык тамак менен камсыздандырылды. Баялинов көчөсү №124 дарегиндеги   №75 мектеп-лицейине кайрылуулар түшө элек.

Свердлов районуна 4 чатыр орнотулган жана ага 104 адам кайрылган. Фере көчөсү №34 дарегинде жайгашкан баш калкалоо жайына түнөө менен 32 адам кайрылып, аларга ысык тамак уюштурулду. Күренкеев көчөсү №89 а дарегинде жайгашкан Геронтологиялык «Ардагер» борборуна  туруктуу үй-жайсыз 1 адам жеткирилди. Калган кабыл алуу пунктарына кайрылуулар түшө элек.

Жалпысынан стационардык мекемелерге (мектептер, ГБ «Ардагер», социалдык жатакана, жеке мейманканаларга) 42 адам кайрылган. Ошондой эле №71 мектеп-интернатынын 198 тарбиялануучусу №1 интернатына жайгаштырылып, ысык тамак менен камсыздандырылды.