ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрациясынын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылды

Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын райондун башчысы Ренат Айтымбетов жетекчилиги алдында Октябрь администрациялык районунун 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн  жыйынтыктары жана 2018-жылга карата милдеттер боюнча коллегиянын жыйыны өткөрүлдү.

Коллегияга Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, Бишкек шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри Ренат Макенов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Анатолий Горбунов, ошондой эле муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин өкүлдөрү, муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлери, МАБ башчылары жана райондук кызматтардын жетекчилери катышты.

Октябрь администрациянын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2018-жылга карата милдеттер боюнча башчынын биринчи орун басары Салтанат Жумашева  доклад кылып, жаңы ачылган ишканалар, жыл ичинде түшкөн салыктар жана райондун экономикалык өнүгүүсү боюнча маалымат берди.

Ошондой эле, докладда 2017-жылдагы турак-жай коммуналдык чарба тармагын, райондун инфраструктурасын жана социалдык тармагын жакшыртуу боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы белгиленди. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын аткаруу боюнча иш-аракеттери муниципалдык администрациясы тарабынан бекитилди. Кызмат учурунда артыкчылык көрсөткөн түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларына жана адистерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.  

Мындан тышкары коллегиянын катышуучулары “Таберик” балдар музыкалык театрынын жаңы залынын ондоо иштеринин жыйынтыгы менен танышты.