ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов райондук администрациясы райондун 2017-жылы аткарган иштеринин болжолдуу жыйынтыгын чыгарды

Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясында  райондун башчысы Самарбек Болотбековдун жетекчилиги алдында Свердлов администрациялык районунун 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары жана 2018-жылга карата милдеттер боюнча коллегиянын жыйыны өткөрүлдү.

Коллегияга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Мийзамедин Калыков, Лев Васильев, Жанарбек Алымов, ошондой эле муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык мекемелердин өкүлдөрү, муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлери, МАБ башчылары жана райондук кызматтардын жетекчилери катышты.

Свердлов райондук администрациясынын  2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары жана 2018-жылга карата милдеттер боюнча акимдин биринчи орун басары Турат Айдаров доклад кылып, жаңы ачылган ишканалар, жыл ичинде түшкөн салыктар жана райондун экономикалык өнүгүүсү боюнча маалымат берди.

Ошондой эле, докладда 2017-жылдагы турак-жай коммуналдык чарба тармагын, райондун инфраструктурасын жана социалдык тармагын жакшыртуу боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы белгиленди.  Жыйындын жүрүшүндө муиципалдык администрациянын 2018-жылга карата токтомдун долбоору талкууланып, милдеттер бекитилди.