ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада «Балдар –биздин келечегибиз!» форуму өттү

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы жана шаардык муниципалитет тарабынан уюштурулган “Балдар-биздин келечегибиз! Экстремизмге, терроризмге жана кылмыштуулукка жол жок” аталышта шаардык форуму өткөрүлдү.

Форумга Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макенов, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, КРнын ИИМнин жана шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, сот органдарынын, прокуратуранын жана Бишкек казыятынын өкүлдөрү, шаардык мектептердин окуучулары жана мугалимдери, ошондой эле ата-энелер комитети катышты.

Иш-чаранын башында форумдун катышуучуларына Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын 4-курсунун студенттери тарабынан даярдалган “Балдар арасында опузалап талап кылууга жол жок!” аталышында спектакль  көрсөтүлдү.

Аталган форумдун жүрүшүндө диний экстремизмге каршы күрөш, жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды, окуучулардын арасында опузалап талап кылууну алдын алуу маселелери каралды.

Өткөрүлгөн форумдун  башкы  максаты – диний экстремизмге каршы күрөш, ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды алдын алуу боюнча жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын жана тийиштүү мамлекеттик органдардын ортосундагы иш аракеттерди күчөтүү менен биргеликте натыйжалуу чечимдерди иштеп  чыгуу болуп саналат.

Иш-чаранын соңунда кабыл алган Форумдун Резолюциясын, кошумча келип түшкөн сунуштарды эске алып, иштеп чыгуу,  кошумча-алымчаларды жер-жерлерге жөнөтүүнү камсыз кылуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына тапшыралды.