ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын Октябрь районунда мектеп окуучуларынын олимпиадасы жыйынтыкталды

№71 орто жалпы билим берүү мектеп-интернатынын базасында Октябрь районунун 2017-2018-окуу жылдарына карата олимпиаданын жабылышы өткөрүлдү.

Райондук олимпиада 2017-жылдын 19-20-декабрында Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатынын  жана Ч.Айтматов атындагы №63 мектеп гимназиясынын базасында  жалпы предметтер боюнча 2 турдан өттү.

Олимпиадага Октябрь районунун мектептеринин 633 окуучусу катышты.

Жазуу жана практикалык турлар үчүн орус жана кыргыз тилиндеги олимпиадалык тапшырмалар Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын адистери тарабынан даярдалды.

Олимпиадада байгелүү орундарды алган окуучулар шаардык олимпиадага катышышат. Октябрь району боюнча 86 окуучу байгелүү орундарды алган.