ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектин “Алга” футболдук клубу машыгууларын Туркияда өткөрүүдө

Бишкектин «Алга» футболдук клубу Туркиянын Самсун шаарында окуу-машыгууларын өткөрүүнү улантып жатат.

Команданын башкы машыктыруучусу Руслан Сыдыков Туркиянын экинчи лигасында ойногон «Самсунспор» клубунун «Samsun 19 Mayis stadyumu” аттуу стадионунда футболчулардын эки жолку машыгууларын өткөрдү.

Бишкектин “Алга” футболчулар командасына жана делегациясына Самсун шаарынын мэри Юсуф Зия Йылмаз барып, спортчуларга келе жаткан футболдук сезондо катышууда ийгиликтерди каалады. Мындан сырткары, «Алганын» президенти жана Бишкек шаарынын мэриясынын Дене - тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы менен жолугушту.

Жолугушууда Ырысбек Мааткабылов Юсуф Зия Йылмазга жылуу кабыл алгандыгы үчүн  ыраазычылык билдирди.  Ошондой эле, Бишкек менен Самсун шаарларынын  ортосундагы спорт жаатындагы байланышты мындан дагы күчтөндүрүү маселелерин талкуулашты.

Эске сала кетсек, аталган эки шаардын өкүлдөрү 2013 - жылы өз ара кызматташуу меморандумуна кол коюшкан.