ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинар өткөрүлдү

Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында иш-кагаздарын жүргүзүү жана уюштурууну өркүндөтүү боюнча семинар өткөрүлдү.

Семинарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик борбордук архивинин кызматкерлери А. Момункулова жана К. Момбекова катышып, жалпы типтүү нускама тууралуу, документтердин реквизиттери, документтерди топтоо, иштин номенклатурасы жана башка суроолорго жооп беришти.

Семинардын 2-бөлүгүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май муниципалдык администрациясынын 2016-жылдын 25-январындагы №5 токтому менен бекитилген муниципалдык администрацияда иш кагаздарды жүргүзүүнүн регламенти, иштин номенклатурасы тууралуу да маалымат алышты.

Аталган семинар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтомун жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 1-августундагы 7-кт «Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 2016-жылдагы жана 2017-жылдын 1-жарым жылындагы аткаруучулук тартиби жөнүндө» коллегиянын токтомун аткаруу максатында муниципалдык администрациянын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн уюштурулду.