ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектиктер үчүн жаӊы жылдык афиша

Бишкек шаарынын мэриясы 2ГИС менен биргеликте «Жаӊы жыл 2017-2018» атайын долбоорун иштеп чыкты.

Афиша шаар тургундарын кайсы жерде жаӊы жылдык иш-чара өткөрүлө тургандыгын көрсөтүп берет.


«Жаӊы жыл 2017-2018» тандоосун 2gis.kg сайтынан жана мобилдик колдонмодон колдоно аласыздар. Тандоодо жаӊы жылдык балатылардын, концерттик программалардын жана жаӊы жылдык жарманкелердин  убактылары жана өткөрүлө турган жерлери көрсөтүлгөн.


Борбордук «Ала-Тоо» аянтында негизги  жаӊы жылдык иш-чаралар өткөрүлөт. 31-декабрда саат 12:00дө элдик эс алуулар башталып, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт тартууланат, ал эми майрам 00:00дө жаӊы жылдык фейрверк менен коштолот.


Жаӊы жылдык иш-чаралардын өткөрүлө турган жерлерин төмөнкү шилтемеден тааныша аласыздар: http://go.2gis.com/jtbvn.