ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын таза суу камдап алууларын суранат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 12-октябрда калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат.

«Батыш-2» суу алгычын оӊдоп-түзөө иштерине байланыштуу Фучик, Фрунзе, Манас көчөлөрүндө жана темир жол сызыгы чектешкен жерлерде таза суу берилбейт. Анын ичинде:
- №31, 13, 8, 2 орто мектептеринде,  №9 окуу-тарбиялык комплексинде;

- №№ 8, 22, 72, 164, 165, 167, №73 бала бакчаларында, К.Акиев көчөсү, 51 дарегиндеги  №3 бала бакчасында;

- “Балдарды коргоо борборунда”;

- «Арпа» ААК;

- «Ош базары» ЖЧК;

- «Берекет-Гранд»;

-  «Берекет-Универсал», «Берекет» соода комплекстеринде, «Берекет» ЖАК;

- Илимдер академиясы;

- Улуттук банк;

- №2 клиникалык төрөт үйү;

- Бишкек троллейбус башкармалыгы;

- №1 шаардык клиникалык ооруканасы;

- Некрасов көчөсү боюнча Бишкекборкомбинаты;

- Ленин райондук администрациясы;

- Бишкек  финансы-экономикалык академиясы;

- «Кыял» бирикмеси;

- Кыргызстан Эл аралык университети;

- Батыш РЭС;

- Жаш гвардия бульвары, 59 боюнча Республикалык радиотелеборбор;

- КОСУ Медициналык факультети;

- Ленин райондук соту;

- №100 лицейи;

- Бөкөнбаев көчөсү №182 дарегинде жайгашкан Мамлекеттик тил  боюнча мамлекеттик комиссиясы жана  кыргыз энциклопедиясынын имараты;

- “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы;

- №2 стоматологиясы;

- Манас проспектиси 16 дарегиндеги мейманканада суу берилбейт.

«Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.