ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук унааларга тарифтерди карап чыгуу себептерин түшүндүрөт

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы коомдук унаалардын тейлөө сапаты боюнча маселелер кызуу талкууланып,  актуалдуу болуп келет.

Акыркы жолу муниципалдык унаа паркы 2008-2009-жылдары жаңыланган. Бүгүнкү күндө ошол убакта алынып келген автобустар өздөрүнүн иштөө мөөнөтүн жана ресурстарын түгөттү. Оңдоп-түздөө аракеттерине каражат бөлүп,  иштетип келе жатабыз. Бул жылдардан бери оңдоо-түздөө иштерине керектүү шаймандар жана техникалык тейлөөлөр боюнча чыгымдар өсүп жатат. Бирок 2012-жылы бекитилген жол жүрүү тарифи өзгөрүлгөн жок. Бул шартта муниципалитет жүргүнчүлөрдү коопсуз жанан сапаттуу  ташуу боюнча унаа ээлери менен көптөгөн сын-пикирлердин айланасында иштеп келүүгө аргасыз.


Жыл сайын коомдук унаалар жеңилдиктери бар жүргүнчүлөрдүн 5 категориясын бекер ташыганы үчүн шаардык бюджеттен 230 млн.сом каражат бөлүнөт.  


Ошондой эле, потенциалдуу жеке  инвесторлор жана кредиттик уюмдар Бишкек шаарынын коомдук унааларынын чыгымдуу иштерин көрүп, рынок шартына шайкеш келбеген тарифтерди карап, борборубузга чоң көлөмдөгү автобустарды алып келүүгө анча кызыктар эмес. Себеби, сарпталган каражат өзүн  актабайт жана кредитти кайтарып алууда коркунуч бар деп эсептешет.


Мындай шартта, муниципалитеттин өзүнүн коомдук унаа паркынын жетишпегендигинен улам, кичи автобустар менен иштешүүгө аргасыз. Өзгөчө шаар четиндеги жаңы конуштардагы жүргүнчүлөрдү ташып иштешүүдө. Белгилей кетсек, көптөгөн жаңы конуштарда жол жок же жол салынбагандыктан, эскирген коомдук унаалар барбайт. Белгилеп коюшубуз керек, кичи автобустар менен шаардыктардын 80 пайызы ташылат. Бирок, жеке унаалардын техникалык сапаты, санитардык абалы, шаардыктарга болгон орой кызматы, жол жүрүү эрежелерин бузгандыгы, адамдарга болгон жолдо жүрүү коопсуздугуна чоң коркунуч туудуруп келүүдө.


Төрт жылга түзүлгөн Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасынын долбоорунда көрсөтүлгөн коомдук унаалар менен шаардыктарды жол жүрүү коопсуздугун камсыз кылуу; иштөө шартын жакшыртуу; санитардык-техникалык абалын тийиштүү деңгээлде кармоо максаттарына жетүү үчүн, унаа көйгөйүн чечүү боюнча тариф маселесин да көтөрүүгө аргасызбыз.


Тарифтерди кайра карап чыгуу жана өзгөртүү терең анализ менен жүргүзүлүп, белгилүү социалдык деңгээлдеги, колдоого муктаж шаардыктардын ал- абалын эске алуу менен, коомчулук жана тийиштүү мамлекеттик уюмдар менен чогуу талкууланып, каралып чыгат.