ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Кыргыз тили - кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Биринчи май администрациялык районунун №29 гимназиялык мектеп комплексинин базасында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алган күнүнө карата “Кыргыз тили - кылымдарды  карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аттуу райондук иш-чара уюштурулду.

Иш-чара мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, конституциялык беделин жогорулатуу, өзгөчө жаңы өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында  өткөрүлдү. Ошондой эле Биринчи май районуна караштуу жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдеринин жана окуучулардын катышуусунда эне тил күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлүүдө.