ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Аялдамада жайгашкан үч соода күркөсү алынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте үч соода күркөсү алынды. Мыйзамсыз орнотулган объектилер Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада жайгашкан.

Соода күркөлөрү тиешелүү уруксат документтерисиз муниципалдык жерге орнотулган. Шаардык кызматтар тарабынан күркөлөрдүн ээлерине  эскертүүлөр берилген. Эскертүүлөр аткарылып, үч соода күркөсү  алынып салынды.