ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү улантылууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Фрунзе көчөсү №6 а дарегиндеги 40 чарчы метр, Фрунзе, 11 дарегиндеги аянты 52 чарчы метр, Куликовский көчөсү 13 дарегиндеги аянты 25 чарчы метр дубал түрттүрүлдү.

Капиталдык курулуш мыйзамсыз курулуп, тиешелүү уруксат документтерисиз муниципалдык жердин эсебине курулган.


Мурда аталган  дубалдардын ээлерине «Аныкталган бузууларды четтеттүү» эскертүүсү берилген. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын эскертүүсү аткарылып, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.


Аталган иштер шаардын аймагына мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө, ошондой эле Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо жана калыбына келтирүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.