ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы куруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында Кыргызстандын куруучулар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов курулуш тармагында иштеген мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен сыйлады.  Калаа башчысы иш-чаранын катышуучуларына бекем ден соолук, бакубат турмуш жана ачык асман каалап, куруучулардын шаарды өнүктүрүүдөгү салымынын зор экендигин белгиледи.


Майрамдык иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы Аскат Тюлебердиев, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүрканов, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу, ошондой эле курулуш тармагында иштеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн  кызматкерлери катышты.


Курулуш тармагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.


Кыргызстанда Куруучулар күнү август айынын экинчи жекшембисинде белгиленип келет.