ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектиктерди жаӊы гүл клумбалары кубандырууда

«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, Бишкек шаарында жаӊы гүл клумбалары түзүлүүдө.

Кооз гүлдөр Ибраимов-Жумабек, Жукеев-Пудовкин-А.Токомбаев, Бөкөнбаев-Манас көчөлөрүнүн кесилишине, Жеӊиш аянтынын Ибраимов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишкен жерине, ошондой эле Алмата-Саалиев көчөлөрүнүн кесилишине отургузулду. Отургузуу иштерине «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын 100дөн ашык кызматкери тартылды. Аталган багыттагы иштер улантылууда.
Шаар тургундарын жана конокторун бир жылдык гүлдөрдүн 9 түрү кубандырат. Жалпысынан 50 миӊ гүл отургузулду.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун шаардык кызматтардын эмгектерин сыйлоого жана укук бузуу фактылары катталган учурда  укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.