ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте мыйзамсыз дубал, чарба курулушу жана тандыр түрттүрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Троицкая көчөсү 47 дарегиндеги узундугу 10 метр мыйзамсыз курулуган  дубал, Кустанай көчөсү тарабындагы 1 х 7 метр  өлчөмүндөгү  чарба курулушу,12 чарчы метр тандыр түрттүрүлдү.

Аталган объектилер тиешелүү уруксат документтери жок муниципалдык жерге курулган.


Жер тилкелеринин ээлерине мурда шаардык кызматтар тарабынан эскертүү берилген. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан аталган курулуштар түрттүрүлүп, жер тилкелери баштапкы абалга келтирилди.


Аталган чаралар Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө жана алдын алуу боюнча ыкчам штабынын алкагында көрүлүүдө.