ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте унаа кыймылы үчүн бир нече көчө ачылды

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, оӊдоо иштеринен кийин калаанын үч көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Фатьянов көчөсү Горький көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү оӊдолду. Аталган бөлүктүн узундугу - 600 погондук метр, туурасы – 9 метр, ошондой эле унаа токтотуучу аянты 1400 чарчы метрди түзөт.


Ошондой эле Саадаев көчөсү Мессарош көчөсүнөн Кемин чолок көчөсүнө чейинки узундугу - 385 метр, туурасы – 6 метр бөлүгү  тротуар жана ирригацияларды орнотуу менен оӊдолду. Мындан тышкары Талды-Суу көчөсү Патриса Лумумбы көчөсүнөн Буурдинский көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Оӊдолгон жолдун узундугу -1100 метр, туурасы – 7,5 метрди түзөт.


Жалпысынан 2017-жылы ишкана тарабынан 51 көчөнү оӊдоо пландалууда.