Бишкекте унаа кыймылы үчүн бир нече көчө ачылды
- Подробности
- Опубликовано 12.07.2017 16:33
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, оӊдоо иштеринен кийин калаанын үч көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды.
Фатьянов көчөсү Горький көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү оӊдолду. Аталган бөлүктүн узундугу - 600 погондук метр, туурасы – 9 метр, ошондой эле унаа токтотуучу аянты 1400 чарчы метрди түзөт.
Ошондой эле Саадаев көчөсү Мессарош көчөсүнөн Кемин чолок көчөсүнө чейинки узундугу - 385 метр, туурасы – 6 метр бөлүгү тротуар жана ирригацияларды орнотуу менен оӊдолду. Мындан тышкары Талды-Суу көчөсү Патриса Лумумбы көчөсүнөн Буурдинский көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Оӊдолгон жолдун узундугу -1100 метр, туурасы – 7,5 метрди түзөт.
Жалпысынан 2017-жылы ишкана тарабынан 51 көчөнү оӊдоо пландалууда.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
29.11.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |